Menu

Энесине болушам деп, инисин мууздап, өлтүргөн жаран 12,5 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Сокулук райондук соту Ш.С. аттуу жаранга каршы чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Чечимде айтылгандай, 11-апрелде кечинде Ш.С. үйүнө Сокулук районундагы айылдардын биринде жашаган инисине келген. Эркектердин ортосунда уруш чыгып, аягы адам өлтүрүү менен аяктаган. Ш.С инисинин башынан кармап, тамагын кесип жиберди. Айыпталуучунун тууганы окуя болгон жерде каза болгон.

Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, бир нече күн мурун энеси инисинин үстүнөн арызданган. Аял өзүнүн уулу аны сабаганын билдирген.

Айыпталуучу жумасына бир жолу иниси апасына колун көтөргөн деп ырастоодо. Бирок апасы уулуна боору ооруп, милицияга кайрылган эмес.

Окуя болгон күнү апасы айыпталуучуга арызданган. Ал тамеки саткан дүкөнгө барып, андан кийин үйүнө инисине кеткен. Ал жерде тууганынын чачынан кармап, жерге таштап, үстөлдөн бычакты алып, бир тууганынын тамагын кесип салган.

Сотто айыпталуучу мунун бардыгы кандайча болгонун эсинде жок экендигин белгиледи. Ага чейин алар бир тууган иниси менен урушуп кетишкен, бирок ал мушташка жеткен эмес.

Сот Ш.С.ны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жарым жылга эркинен ажыраткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: