Menu

Казакстанда бир суткада 481 кишиден вирустук пневмония аныкталды

Бөлүшүү:

Казакстанда соңку эки күндүн ичинде «коронавирустук инфекциянын белгиси бар» пневмонияга чалдыккандар кайра көбөйдү. Акыркы бир сутка ичинде өпкөсү кагынган 481 адам жаңы катталганын, төрт бейтап көз жумганын Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 4-сентябрда билдирди.

Бир күн мурда пневмонияга чалдыккандардын саны 571 кишиге жеткен болчу. 2-сентябрда өпкөсү кагынган 27 гана адам аныкталган эле.

Казак бийлиги коронавирус себеп болгон пневмонияны 1-августтан тартып каттай баштаса да COVID-19 илдетинен өзүнчө санап келет. Андан бери Казакстанда пневмонияга чалдыккандардын саны 26 803 адамга жетти. 305 киши көз жумду.

Ал эми анализинен коронавирус табылган адамдарды кошкондо бейтаптардын жалпы саны 133 миңге чукулдады. Баш-аягы Казакстанда пандемия маалында 1900дөн ашуун адам көз жумду.

Казакстан 1-сентябрдан тартып карантин чараларын жумшартып, спортзал, бассейн, театр, музей жана улуттук парктар иштешине уруксат берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: