26-августтан 5-сентябрга чейин БУУӨП КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн шайлоо учурунда кастык тилин колдонууну болтурбоо боюнча бир катар тренингдерди өткөрүүдө.
Тренингдердин негизги максаты 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоолордун адилет, ачык, тынч жана демократиялуу болушун камсыздоо максатында кастык тили колдонулган учурларды так жана натыйжалуу аныктоо боюнча Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ