Menu

Видео – Циркке айланып баратканын ЦИК өзү түшүнөбү?

Бөлүшүү:

Борборшайлооком элди дээрлик күнүгө таң калдырууда. Бүгүн бир жыйынтыкка келет, эртеси ага такыр карама-каршы болгон чечим чыгарат. Бүгүн бир жүйө айтылса, эртеси такыр башка, кээде күлкү келтирген себептер табылып чыгат. Чындыгында чечим такыр башка жерде кабыл алынып, БШК болсо ошол чечимди негиздей ала турган шылтоолорду издегендей.

«Кыргызстан» партиясынын документтерин БШК кабыл алган жана ал тууралуу мектеп окуучусунукундай тамтыгы кеткен журналга жазылган убакыт кол менен оңдолгонун баарыбыз көрдүк. Бирок эртеси Борборшайлооком жыйын өткөрүп, кечээ күнү кабыл алынган кагаздарды кабыл албоо тууралуу чечим чыгарды. Ага себеп катары – документтерди туура эмес адам алып келген деген тамтыгы жок жүйө айтылды.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын Турсунбай Бакир уулу күнөөлөп чыкты – партия курултайында бекитилген тизмеде ал алдыңкы орунда экен, БШКга тапшырылган тизмеде болсо ылдый түшүп кетиптир, анткени 200 миң доллардан төлөгөндөр алдыга чыгыптыр. Партияны ЦИК шайлоодон албай турганы үчүн добуш берди, бирок бир сааттан кийин такыр башка жүйө менен четтетип салды. Мадумаров 3-сентябрда – акча 5 млн сомдук күрө чогултуу үчүн керек болгон деп түшүндүрдү.

«Тилекке каршы, ошондой кабыл алып коюшкан – милдеттүү түрдө биз жыйнашыбыз керек. Аны кантип жыйнайбыз? Ар бир кишинин мүмкүнчүлүгүнө жараша – эки жүздөн болобу, 250 миңден болобу… Биринчиден, ал акча эч жакка кетпейт, шайлоо бүткөндөн кийин кайра, бир тыйыны коротулбастан кайра ошол кишилерге, ээсине кайтарылып берилет. Мына ошол сөздү ал киши адаттагыдай бир башкача угуп алган болуш керек», – деп билдирди Жогорку кенештин мурдагы спикери Адахан Мадумаров.

Бирок бир эле адам 200 миң доллар берсе, ал 3 күрөгө жетмек. Анткен менен ЦИК акча маселелерин көтөрбөстөн, добуш берүү процедураларына тийишти. Эми сот болушу мүмкүн, бирок соттор дагы БШК сыяктуу эле бийликке көз каранды. Башка чоң маселе – партия тизмелериндеги орундар сатылып жатканын эч ким талкуулап да койбойт. Дагы бир ири маселе – ар бир жаңы бийлик реформа баштайт, бирок андан жакшылыктуу жыйынтык чыкпайт.

Чындыгында, абалды оңдоо үчүн жөнөкөй эле нерсе керек – ар бир адам же уюм мыйзам талаптарын аткаруудан жарым карыш четке тайбоого зарыл жана аны бийлик катуу көзөмөлдөп турууга тийиш. Жетекчилердин айтканын талкуулабастан аткаруу – армияда гана болушу мүмкүн, бирок азыр аскерде дагы мыйзамсыз буйруктарды аткарбаш керек деген маанай күчөп баратат. Кээде аскер адамдары өздөрү журналисттерге кайрылып – ушуну айтып-көрсөтүп койгулачы деп суранат.

Мыйзам талаптары аткарылбагандыктан кандай гана маселелер чыгып жатканы тууралуу журналисттер эле эмес, бүткүл коом канча жылдан бери какшап келет, бирок ошондой баш аламан абал бийлик үчүн өтө пайдалуу, анткени коомдо канчалык чакчелекей болсо, ошончолук өзүм билемдик менен аракеттенсе болот. Журналистикада дагы, коомдо да баш редактор же жетекчи кандай болсо – маалымат каражаты же уюм дагы ошондой экени белгилүү.

Бийлик дагы такай – ар бир уюм же чиновник мыйзам чегинде гана аракеттениш керек дейт, бирок чындыгында коомдо андай көп болбойт, анткени ошентип сүйлөгөн бийлик айткандын аткарылышын катуу деле талап кылбайт жана талап аткарбагандар жазаланбайт. Бирок абалды чындап эле өзгөртөм жана атым тарыхта калсын деген бийлик өзү же жакындары үчүн эмес, жалпы элдик кызыкчылыкта аракеттениш керек.

Жетимиш жылдык советтик мезгилде биз – трибунадан бирди сүйлөп, чындыганда башканы жасаганга көнүп калганбыз. СССРде кабыл алынган конституциялар өтө демократиялуу болгон, бирок саясатта чыныгы демократиянын жыты да жок эле. Эгемендик жылдарында болсо ошондой бузулган менталитет менен коомдук пикирге кайра жаралган феодалдык эски салттар да кошулгандыктан, абал оңдоло албаган чекке жетип бараткандай.

Сингапурдун премьери Ли Куан Ю диктатор болгон, бирок алакандай мамлекетин дүйнөдөгү алдыңкы катарга чыгарды. Анын бир айтканы бар: Менин алдымда эки жол болгон. Биринчиси – өзүмдү жана жакындарымды байытып, бирок элди мурунку абалда калтыруу. Экинчи жол – эл үчүн иштеп, бүткүл мамлекетти бай кылуу. Мен экинчи жолду тандадым деп. Биздин жетекчилер – экинчи жолду Ли Куан Ю тандап кеткендиктен, бизге биринчи эле жол калыптыр деп аракеттенгендей. Кыргызстан такай биринчи жолдо бараткандай. Кеп ошондо.

Булак: 5 канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: