Menu

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКны сотко берди

Бөлүшүү:

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын 4-октябрда боло турган КР Жогорку Кеңешине шайлоолорго партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткандыгы үчүн Бишкектин Административдик сотуна берди. Бул тууралу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, Бишкектин Административдик соту 3 күндүн ичинде ишти карап, чечим чыгарып бериш керек. Арыздын материалдары сотко 4-сентябрда жөнөтүлгөн. 7-сентябрга чейин партиянын өкүлдөрү соттун чечимин алууну күтүп жатышат. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун чечими партиянын канааттандырбаса анда партия жогорку инстанциядагы сотторго кайрылууга далалат кылат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2-сентябрда БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алып, 4-сентябрда кайра баш тарткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: