Menu

АКШ COVID-19га байланыштуу жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигине байланыштуу жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин 6-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндө жазылган.

Маалыматка караганда, мындай чечим 6-августта Тажикстанды COVID-19 жуктуруп алуу тобокелдиги жогору өлкөлөрдүн катарына киргизген АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун сунушунан кийин кабыл алынды.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 жуктуруп алгандар 8750гө жетип, 70 бейтап каза болду. Бирок айрым эксперттер бийликтин расмий маалыматтары бурмаланганын билдирип, илдетти жуктургандар жана көз жумгандар кыйла көп экенин айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: