Бүгүн, 7-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 55 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 12, Чүй облусунан – 2, Ош шаарынан – 1, Ош облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 11, Талас облусунан – 2, Баткен облусунан – 13 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44458ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 134 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 39960ка жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 93 адам; Чүй облусунан – 2 адам, Ош облусунан – 5, Ош шаарынан – 14, Баткен облусунан – 5 адам, Жалал-Абад облусунан – 14, Ысык-Көл облусунан – 1.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ