Menu

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы жалпы Кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Бөлүшүү:
Урматтуу кыргыз эли, урматтуу Кыргызстандыктар!
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиянын мыйзамсыз иш-аракеттери жалпы элдин көнүл чордонунда кайнап турган кези. Биз, « Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы БШКнын кол ийрисине, акчалуу бийликчил партияларга тартып, аларды көз көрүнө колдоп жатканына каршыбыз. Мыйзам бардык саясий партияларга бирдей болуусу шарт. «Кыргызстан», «Биримдик» партиялары одоно шайлоо мыйзамдарын бузуп жатышса, аларга чара көрүлбөстөн бир тараптуу буйруктун аткарылып жатышы туура эмес деп эсептейбиз. Мыйзам баарына бирдей колдонулушу керек. Эмне үчүн оппозициялык багыттагы бийликтин былыктарын бетке айткан «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кандайдыр бир буйрук менен шайлоодон четтетилип калышы керек?
Биздин Президент айткан акыйкаттык, чындык кана? Демек, бир эле «Бүтүн Кыргызстан» партиясына чара колдонбой, бардык мыйзамды одоно бузган партиялар да шайлоодон четтетилиши керек! Шайлоонун башталышы БШК тарабынан чу дегенде эле мыйзамсыз иш-аракеттер менен коштолду. Мындан ары дагы мыйзам бузууга жол берилип олтурса, шайлоо маарасына жетпей башаламандык болбойт деп ким кепилдик бере алат?
Урматтуу калайык-калк жана мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабаган саясий күчтөр, бардыгыӊыздарды биригүүгө чакырабыз! Акчанын күчү менен элди азгырып жаткан бийликчил партияларга, мыйзамсыздыкка барып жаткан БШКга каршы чогуу күрөшпөсөк, капчыгы калыӊ шылуундар жалпы элдин укуктарын тебелеп, кемсинте беришет. «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы кыргыз дөөлөтүндөгү болуп жаткан акыйкатсыздыкка, теӊсиздикке каршы! БШК өз алдынча көз карандысыз орган катары элге кызмат кылбай, мыйзам бузууга жол берип жаткандыгы үчүн бардык курамы менен отставкага кетүүсүн талап кылабыз!
«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Дыйканов С,К.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: