Menu

Ысык-Көлдө “Ата Мекен” саясий партиясынын жыйыны өткөн тойканага 3 миң сом айып пул салынды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Ата Мекен” саясий партиясынын жыйыны өткөн тойканага 3 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жерде 150дөн ашык адам чогулган.

Кечээ, 7-сентябрь күнү Каракол шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматынын жана РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Барсхан” тойканасы текшерилген. Ал жерде саясий партиянын шайлоочулар менен жолугушуусу уюштурулган.

Тойканада өткөн жолугушууда бет кап режими жана социалдык дистанция сакталган. Бирок адамдардын саны боюнча мыйзам бузуулар бар. Негизинен 50дөн ашык адам чогулбашы керек. Санитардык эреже боюнча протокол түзүлүп, тойканага 3000 сом айып салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: