Төкмө акын Аалы Туткучев “Баарына каршы” партиясына добуш берет. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Бир партия жагып жатат. Добушумду ага берип, башкаларга дагы сунуш кылам. Аны шайласак азыркынын баары жоголуп, жаңы жүздөр депутат болмок. Ал “Баарына каршы” партиясы” – деп жазган төкмө акын.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган парламентик шайлоого БШК 15 партияны каттады. 4-сентябрдан тарта расмий түрдө үгүт иштери башталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ