Бүгүн, 8-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 68 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 13, Чүй облусунан – 4, Ош облусунан – 11, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 8, Талас облусунан – 7, Баткен облусунан – 16 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44526га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 198 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 40158ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 84 адам; Чүй облусунан – 12 адам, Ош облусунан – 11, Ош шаарынан – 4, Баткен облусунан – 33 адам, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 33, Ысык-Көл облусунан – 11.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ