Анын айтымы боюнча, алгач жаш балдар, медкызматкерлер, мугалимдер жана калктын аялуу катмары эмделет.
“Учурда Саламаттык сактоо министрлиги атайын пландар менен иштеп жатат. Анын негизинде вакцинация жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар клиникалардын бардыгына эмдөөгө уруксат беребиз. Бүгүнкү күндө Бишкектеги 9 жеке клиника эмдөө жүргүзүү боюнча иш-чарага катышуу боюнча ниетин билдирди. Ош шаарында 5 жеке клиника, алардын шарттарын карап, уруксат берүү маселеси каралып жатат. Ошондой эле иш-чара республиканын бардык аймактарында жүргүзүлмөкчү” – деп билдирди премьер-министр.
Өкмөт башчы 700 миң даан вакцинанын биринчи партиясы 15-сентябрда келиши керектигин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ