Menu

Хорезм башчысы коронавирустун жайылышына тойканаларды күнөөлөдү

Бөлүшүү:

Хорезм облусунун башчысы Фарход Эрманов 7-сентябрдагы селектордук жыйын учурунда Багат районундагы беш мааледе бир күндө 79 киши коронавируска тест тапшырганын, алардын ичинен 48инен вирус аныкталганын билдирди.

Эрманов эпидемиологиялык абалдын кескин начарлап кеткени үчүн тойканаларды күнөөлөп, маале төрагаларын жана тилке инспекторлорун кылмыш жоопкерчилигине тартууну буюрду.

«Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрсө болот, бирок бир иш-чара үчүн өзүбүздү зыянга учуратпашыбыз керек. Тойлордун ээлери көп киши чакырып, аларга вирус жуктуруп жатат. Алар атайлап коомчулукка зыян келтирип жаткандай сезилүүдө. Мындай кишилер террорчулардан да жаман. Эгер террорист жардыруу уюштурса, 3-4 киши өлөт. Ал эми үйлөнүү үлпөттөрдүн ээлери 100 кишини чакырып алып, баарына коркунучтуу вирусту жуктуруп жатат. Кантип кайдыгер карап отура берсе болот. Мындай маале башчыларын жана тилкелик инпекторлорду жумуштан айдаш керек!», – деди Фарход Эрманов.

Жыйын учурунда жаздырылып алынган аудиодо Фарход Эрманов Багат районундагы жашоочулардын 60% коронавирус табылганын айткан.

Хорезм облусундагы маале башчыларынын бири акимдин өзүнүн күн сайын коронавирус боюнча көп кишинин катышуусунда жыйын өткөрүп жатканын сынга алды:

– Аким 30 кишинин катышуусунда той өткөргөн кишилерди террорист деп атоодо. Ал өзү күн сайын жыйын өткөрүп, райондук администрациянын жыйындар залында 200дөн киши чогултуп жатат. Анда акимдин өзүн эмне деп аташ керек?

Өзбекстанда 15-августтан бери карантин чаралары жумшартылууда. Жарандарга 30дан ашпаган кишинин катышуусунда той өткөрүүгө уруксат берилген. Ошол эле маалда той үйдө санитардык нормаларды сактоо менен өтүшү керек.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 6-сентябрга карата Хорезм облусунан 479 киши вирус жуктуруп алганын билдирген. 7-сентябрда Хорезм облусунун башчысы облустагы 453 мугалимден вирус аныкталганын кабарлады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: