Menu

Билим берүү министрлиги мугалимдин үйүндө окуп жатышкан мектеп окуучуларынын сүрөтүнө комментарий берди

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда тараган, мугалимдин үйүндө окуп жатышкан балдардын сүрөтүнө түшүндүрмө берди.

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн малыматы боюнча, социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттү райондун борборунан 50 чакырым аралыкта, чек ара аймагында жайгашкан Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими тарткан.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу учурунда, ата-энелер бир катар суроолорду беришкен жана алар мугалимден жардам сурашкан, ошондуктан 2-сентябрда мугалим окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш кандайча иштей тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүп берген. Сабактын жүрүшүндө мугалим окуучуларды социалдык аралыкка карап отургузуп, баарына беткапчан жүрүүнү түшүндүрүп берген. Сабак 15 мүнөткө созулуп, андан кийин бардык сабактар ​​алыстан өткөрүлүп келет.

“Мугалимге мындай шартта пандемия учурунда бардык мугалимдерге бирдей шарттар колдонулаары, кайтарым байланышты уюштуруу ыңгайлуулугу үчүн демөөрчүлөр мугалимге ноутбук алып беришээри түшүндүрүлдү” – деп айтылат маалыматта. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: