Menu

Нью-Йорк соту Тажикстандын «Агроинвестбанкынан» Гонконгдун компаниясына $24,5 млн өндүрүү чечимин чыгарды

Бөлүшүү:

Нью-Йорктун федералдык соту Тажикстандын «Агроинвестбанкынын» эсебинен Гонконгдун «Супер Перфект Инвестмент ЛТД» компаниясынын пайдасына 24,5 миллион доллар өндүрүү чечимин чыгарды.

Соттун чечими быйыл 25-августта чыккан.

Law360.com укуктук порталында сотто өз позициясын билдирүү үчүн «Агроинвестбанкка» 17-августка чейин мөөнөт берилгени жазылган.

«Көрсөтүлгөн күнгө чейин жоопкер доо арызга жооп берген жок, ошондуктан сот доочу болуп эсептелген гонконгдук компаниянын пайдасына чечим чыгарды», — деп билдирди федералдык соттун судьясы Жесси Фурман.

Бул компания австриялык ишкер Алоис Шёнбергерге (Alois Schönberger) таандык, бирок Гонконгдо катталган. Буга чейин Шёнбергер Швейцариянын Арбитраждык сотунда да жеңип чыккан. Анда сот «Агроинвестбанкты» аталган компанияга 19 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бирок Тажикстандын Экономикалык соту арбитраждык соттун бул чечимин тааныган эмес. Шёнбергер менен анын адвокаттары «Агроинвестбанктын» АКШдагы Сити-банкта (Citibank US) эсеби бар экенин аныктап, Нью-Йорктун федералдык сотуна кайрылышкан.

Юристтердин айтымында, Нью-Йорк сотунун чечимине ылайык, эми «Агроинвестбанктын» City Bank of America банкындагы эсеби камакка алынып, андагы каражат Шёнбергерге таандык Super Perfect Investment Ltd фирмасынын эсебине которулат.

Азырынча «Агроинвестбанктын» бул америкалык банктагы эсебинде канча каражат бар экени белгисиз.

Шёнбергер Тажикстандын өкмөтүнө каршы Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго да доо арыз менен кайрылган. «Агроинвестбанктын» акцияларынын көбү мамлекетке таандык болгондуктан, анын чет өлкөлүк карыздарынан кутулуу үчүн тажик өкмөтү жооптуу болот.

Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борбор кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Эгер ал доочунун пайдасына чечим чыгарса, анда «Агроинвестбанктын» жыл сайын 18% көбөйүп жаткан карыздары үчүн Тажикстандын дүйнөдөгү каалаган активинен каражат алынып турат.

«Супер Перфект Инвестмент» компаниясынын доо арызында 2013-жылы австриялык ишкер 20 миң тонна пахта сатып алуу боюнча «Леваканд-М» тажик компаниясы менен келишим түзүп, бул коммерциялык макулдашуунун гарант-банкы катары «Агроинвестбанк» тандалганы жазылган. Келишимге ылайык, милдеттенмелер аткарылбаса, «Агроинвестбанк» 11 миллион доллар төлөп бериши керек болчу. 2013-жылы «Супер Перфект Инвестмент» тажик компаниясынын эсебине 5 миллион 367 миң доллар которгон, бирок «Леваканд-М» пахта жөнөткөн эмес. Бир жылдан кийин австриялык ишкер гарантиялык сумма катары «Агроинвестбанктан» 11 миллион доллар төлөп берүүнү талап кылган.

Доочунун адвокаты Стивен Саттондун айтымында, макулдашуу жокко чыгарылып, каражат кайтарылып берилбегендиктен, австриялык ишкер чыгашага учураган. Ошондуктан компенсация катары талап кылынган сумма 19 миллион долларга чейин көбөйгөн.

«Агроинвестбанк» адвокаттын жөнөткөн катына жооп берип, бул эки компаниянын ортосундагы экономикалык талаш экенин, «Агроинвестбанк» бул талаштын субъектиси эмес экенин билдирген. «Эки тарап тең пахта сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимге бир нече жолу өзгөртүүлөрдү киргизип, бирок бул тууралуу гарант-банкка маалымат беришкен эмес. Гарантия тууралуу австриялык компания көрсөтүп жаткан документтер туура эмес», — деди банк башкармалыгынын төрагасы Муродали Алимардонов.

Тажикстандын Салык комитетинин маалыматына караганда, Бохтарда катталган «Леваканд-М» компаниясы айыл чарбасына инвестиция салуу, кайра иштетүү, айыл чарба азыктарын өндүрүү жана сатуу менен алектенет.

2015-жылдан бери каатчылыкты башынан кечирип жаткан «Агроинвестбанк» аманатчыларынын депозиттери боюнча 730 миллион сомониден ашык карызын төлөй албай келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: