Menu

Видео – Сотто көрсөтмө берип чыккан БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташарына эмне деди?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-сентябрь күнү Бишкектин административдик сотунда БШКнын чечимине каршы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын доо-арызы каралууда.

Соттук отурумга күбө катары чакырылып, көрсөтмө берип чыккан Атыр Абдрахматованы сот имаратынын жанында турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтары трибунага чакырып, “Атырга даңк! Атырга даңк!” деп кыйкырып турушту.

“Сотто берген көрсөтмөмдөн кайткан жокмун. Анткени, менин эң негизги максатым – элге, мыйзамга кызмат кылуу. Калп эле кызматты аркалап, өзүмө кандайдыр бир пайда таап калайын дегенден алысмын. Сот мыйзам чегинде чечим чыгарат деп ишенем”, – деп билдирди Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, 3-сентябрда БШКнын жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо маселеси каралып, “съездде мыйзам бузулган” деген негиз менен БШКнын мүчөлөрү партияны каттоодон баш тарткан. Бул чечимге  Кайрат Осмоналиев менен Атыр Абдрахматова каршы чыгышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: