“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Дилмурад Жураев алардын тизмесине кандайча кирип калгандыгын билбей тургандыгын белгилеп, мүчөлүктөн чыгуу чечимин кабыл алды. Анын билдирүүсү Фейсбук социалдык тармагында тараган.
Маалыматка ылайык, Жураев бул саясий партиянын тизмесинен чыгарууну суранат. Анын айтымында, ал кандайча кирип калганын билбейт.
“Мен, Дилмурад Хамитович Жураев, мени “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен чыгарып салууну суранам. Менин бул партияга эч кандай тиешем жок жана белгисиз себептер менен кирип калганмын. Өз ыктыярым менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан чыгып жатам”, – деп жазган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ