Menu

Ноокат районунун тургунун атып салам деп коркутуп, 150 миң сомун тартып алган шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ош шаарында тоноочулукка шектүү адам кармалды. Буга чейин, ал уурулук фактысы боюнча сот жообуна тартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү таңкы саат 7:00 чамасында Ноокат районунун 1992-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 8-сентябрга караган түнү Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан “Арабика” кафесинин жанында белгисиз адам аны сүйлөшүүгө чакырып, андан соң унаага түртүп, сабап салган. Анан тапанча менен такап, атып салам деп коркутуп баштаган.

Андан кийин эркек кишилер унаа менен Ак-Тилек кичи районундагы талаага барышып, ал жерде жабырлануучунун башына кара баштык кийгизишкен. Аны атып салабыз, жерге көмүп салабыз деп коркутушкан. Андан кийин кол салган адам анын чөнтөгүнөн 150 миң сом алып чыккан. Ноокат районунун тургуну каракчылык кылган адамды жоопко тартууну суранган.

Баардык материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене (“Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган тоноочулук “)  боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталды – ал Ноокат районунун тургуну, 1986-жылы туулган А.К. Криминалдык милиция кызматкерлери аны Ош шаарынан кармашты.

Шектүү делген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: