Menu

Чек арадан дарыя аркылуу коңшу өлкөгө өтүп бараткан 2 адам кармалды

Бөлүшүү:

Кыргызстандык жана казакстандык жаран Ашпара дарыясы аркылуу коңшу республикага өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралууу бүгүн, 9-сентябрь күнү  КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Такталгандай, кечээ, 8-сентябрда  КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусундагы чек арачылары Панфилов районундагы Ровное айылынын четине жакын жерде Ашпара дарыясы аркылуу Казакстандын чек арасына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Казакстандын 1987-жылы туулган жараны К.А. жана 1990-жылы туулган Кыргызстандын жараны Т.Н. кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, алар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн КР УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: