Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна иш сапары

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда.

Бүгүн, 9-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында коррупция менен күрөшүүдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланып жаткан Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Ош шаарында ошондой эле 100 койко-орундукка ылайыкташкан жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын курулуш иштери аяктап жатат. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаровдун айтымында, жугуштуу оорулар ооруканасы жана мектеп ушул жылдын октябрь жана ноябрь айларында пайдаланууга берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин лабораториясына барды. Лабораториянын имаратынын курулушу 2018-жылы башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен бүтүп, лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет.

Сооронбай Жээнбеков аталган лабораториянын өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн колдоодо өзгөчө ролун белгиледи.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) мисалында билим берүү системасын жана Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

ОшМУда Президент Сооронбай Жээнбеков Ош мамлекеттик университетинде окуп, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул окуу жайында эмгектенген Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейине барды.

Мамлекет башчысы Рыспай Абдыкадыров менен жакшы тааныш болгонун айтып, анын таланттуу музыкант, композитор гана эмес, ошондой эле жаркын инсан жана элдин сүймөнчүгү экендигин баса белгиледи. Президент музейдин меймандар китебине кол жазмасын калтырды.

Ош шаарында иштеп баштаганда 7000ге чейин адамды жумуш орундары менен камсыздай турган текстиль фабрикасы курулуп жатат. Бул тууралуу Президентке Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жана ишкер Нурбек Осмонов айтып беришти.

Нурбек Осмоновдун берген маалыматы боюнча, жалпы тартылган инвестициялардын көлөмү 38 миллион АКШ долларынан ашык, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Фабриканын куруучулары өндүрүшкө өздөрүнүн 19 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаттарын жумшап, ошондой эле «РСК Банк» тарабынан 6 миллион доллар өлчөмүндө насыялык ресурстар берилген. Келечекте Кыргыз-орус өнүгүү фонду менен кызматташууну баштоо пландалууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоору менен тааныштырды. Тактап айтканда, ал  — Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдөө жана көрктөндүрүү долбоору.

Ош шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту жана аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

     

     

   

     

     

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: