Талас облусунун Үч-Эмчек айылынынын тургундары, 1989-жылы туулган Кубанычбек менен 1992-жылы туулган Сүймөнкул коңшусу үйүндө жоктугунан пайдаланып, анын аялын кезектешип зордукташкан.
Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 11-декабрында болжол менен саат 11:00 чамасында Кубанычбек менен Сүймөнкул коңшусунун үйүнө келип, короодо жүргөн аялынан “күйөөң кайда?” деп сурашкан. Ал учурда аял бакчасында үй жумуштары менен алектенип жаткан. Жабырлануучу аял “ал үйдө жок, облус борборуна кеткен” деп жооп берген. Анан эле Кубанычбек менен Сүймөнкул аялдын колдорун бурап, күч колдонуп, кезектешип зордукташкан.
Соттук отурумдун жүрүшүндө, айыпталуучулардын адвокаттары жабырлануучу тарап менен элдешкенин, түзүлгөн келишим менен далилденгенин суранып, соттон процессти токтотууну суранышты.
Жабырлануучунун адвокаты дагы процессти токтотуу өтүнүчү менен кайрылды.
Иштин материалдарын карап чыгып, Талас райондук сотунун судьясы тараптардын жарашкандыгына байланыштуу ишти токтотту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ