Menu

Кара-Суу районунун күйдүргү оорусу аныкталган аймагында малга кайрадан эмдөө жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Кара-Суу районунун күйдүргү оорусу аныкталган аймагында малга кайрадан эмдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук ветеринардык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө үч айылда жүргүзүлдү.

«Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында бир нече мал жандык эмдөөдөн өттү. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кара-Сөгөт айылында да эмдөөлөр жүргүзүлдү», – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин жалпысынан сегиз адам сибирь жарасына шектелип, ооруканага жаткырылганы кабарланган. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө мал союга тогуз адам катышкандыгы аныкталган. Эт Талдык, Тогуз-Булак, Кызыл-Байрак жана Беш-Мойнок айылдарына таратылган. Жалпысынан байланышта болгондор 285 адам экени аныкталган. Байланышта болгондор антибиотик алып, медициналык көзөмөлдө турат. Тогуз-Булак айылында 25-августка чейин карантин киргизилген. Айылдын тургундарына малдын ар кандай түрүн алып кирүүгө жана экспорттоого, ошондой эле союуга тыюу салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: