Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын бузгандыгы үчүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын 37 жаштагы жараны А.А. Чүй облусунун чек арачылары тарабынан Кыргызстандын аймагынан мамлекеттик чек ара өткөрүү пунктунан тышкары Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Кыргыз жаранында анын ким экендигин тастыктаган документтер болгон эмес.
Мамлекеттик чек араны бузган дагы эки адам – Өзбекстандын жараны жана Казакстандын жараны, тескерисинче, Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан, бирок Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган.
Документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар тиешелүү органдардын кызматкерлерине кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ