Menu

Экс-вице-мэр Татьяна Кузнецованын батирин тоногондор изделүүдө

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри Татьяна Кузнецованын батири тонолгон факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Такталгандай, 12-сентябрь күнү милиция бөлүмүнө Татьяна Кузнецованын күйөөсү арыз менен кайрылып, батирди тоноп кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар жабырлануучунун 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирине кирип, алтын буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталып жатат. Сотко чейинки процесстин алкагында кылмышка тиешеси бар адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана камакка алуу боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: