Нанкин Университетинин Медицина мектебиндеги кытай окумуштуулары COVID-19 антителаларынын саны калыбына келгенден кийин бир айдан соң кескин азайып кетерин аныкташты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Изилдөөнүн жүрүшүндө жети жума бою (оору башталгандан бери) оорунун жеңил формасына кабылган 19 адамды жана COVID-19дун оор формасы менен ооруган 7 бейтаптан антителанын реакциясын көзөмөлгө алынган.
Изилдөөдө айыккан бейтаптардын 81 пайызында антителалары бар экени аныкталган, бирок алардын айрымдары гана инфекцияны нейтралдаштырып же өлтүрүүгө жөндөмдүү болгон. Илимпоздор аныктагандай, бейтаптар ооруканадан чыккандан соң үч-төрт жумадан кийин антителалардын нейтралдаштыруучу касиети бир кыйла төмөндөгөн.
Илимпоздордун айтымында, эгер организм антителаларды көпкө кармабаса, анда вакцина вирустан туруктуу коргой албайт дегенди билдириши мүмкүн.
Бирок Нью-Йорктогу америкалык илимпоздор тарабынан жүргүзүлгөн буга чейинки изилдөө көрсөткөндөй, COVID-19 жеңил жана орточо формалары бар бейтаптардын көпчүлүгүнүн денесинде үч ай бою сакталып турган антителалары бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ