Menu

Видео – Минскиде «Баатырлардын жүрүшүнө» 100 миңден ашуун киши катышты

Бөлүшүү:

Минскиде жекшемби күнү «Баатырлардын жүрүшүнө» 100-150 миңдей киши чогулганы кабарланууда. Ички иштер министрлиги түш ченде 250 киши кармалганын билдирди. Аларга тыюу салынган кызыл-ак желекти жана “акарат келтирген баннер” көтөрүп жүрүшкөн деген айып тагылууда.

“Интерфакс” агенттиги маалымдагандай, жүрүштүн катышуучулары бир нече колоннага бөлүнүп, алардын бири президент Александр Лукашенконун резиденциясы жайгашкан Дрозды айылына багыт алды.

Күбөлөр милиция демонстранттарды курал, союлдар менен уруп, машинелерге күч менен салып жатышканын айтып беришти.

Башкалаанын борборуна бронетехника жана аскердик оор машинелер тартылганы, метронун сегиз станциясы жабык турганы, бир катар жерде мобилдик интернет өчүрүлгөнү маалымдалууда.

Беларустагы акциялар 9-августтагы президенттик шайлоону мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Шайлоо бурмаланган деген оппозиция жана демонстранттар президенттин отставкасын талап кылышууда. Акциялар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын зомбулугу менен коштолуп, бери дегенде төрт киши каза тапты, алтоо дайынсыз болууда, жүздөн ашууну жабыркады. Канчасы кармалганы белгисиз.

14 сентябрда Лукашенко Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууга ниеттенүүдө. Бул шайлоодон кийинки алардын алгачкы жолугушуусу болот. Батыштагы айрым мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: