Menu

Тажикстанда төрт жашар кыздын зордукталышы боюнча эки киши кармалды

Бөлүшүү:

Тажикстанда төрт жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу эки киши кармалды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 11-сентябрда маалымат таратып, алар кыздын байкеси жана жеңеси экенин билдирди.

Маалыматка караганда, кыздын агасы 72 саатка камалды. Эгер зордуктоо фактысы тастыкталса, ал сексуалдык мүнөздөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыздын жеңесине “Атайлап денеге оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Буга чейин жабырлануучунун апасы кызды кайниси зордуктаганын билдирип, арыз жазган.

Турсунзаде шаарынын жашоочусу 20-августта “Озодиге” интервью берип, төрт жашар кызы августтун башында мурдагы күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндө болгонун айткан

«Күйөөм менен үч жыл мурун ажырашып кеткем, ал мага алимент төлөйт. Ошондуктан кызым менен жолугушуп турууга укуктуу. Курман Айттын алдына күйөөмдүн иниси жана карындашы кызымды алып кетишкен. Кийинки күнү эле кайнатам чалып, кызым ооруп калганын айтты. Мен аны ооруканага алып бардым. Дарыгерлер операция жасашып, кызым зордукталганын айтышты», – деген

Соттук-медициналык экспертиза учурунда да кызынын зордукталганы тастыкталган.

Келиндин кайын журту эч кандай зордуктоо болбогонун, ал өч алуу максатында ушундай окуяны ойлоп тапканын билдиришкен.

Турсунзаде шаардык прокуратурасы “16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тажикстанда зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою соттоо менен өлүм жазасы каралган. Өлүм жазасына 2004-жылдан бери мораторий киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: