Бүгүн, 14-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 47 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 8, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 2, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 10, Баткен облусунан – 14 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44928ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 101 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 41023кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 54 адам; Чүй облусунан – 11 адам, Ош облусунан – 3, Ош шаарынан – 1, Баткен облусунан – 19 адам, Нарын облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 2.
Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ