Menu

БШК 8 шайлоо участкасынын даректерин өзгөрттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын бир катар шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды.

Чечим Ысык-Ата жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын айрым даректерин өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрүнүн негизинде кабыл алынды.

Ошентип, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректеринде өзгөрүүлөр болду:

1. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айыл аймагынын №7132 участогу Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнөн Ысык-Ата районуна караштуу А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына;

2. Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл аймагындагы №7142 участогу Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү 2 дарегиндеги “Алтын балалык” бала бакчасынын имаратына;

3. Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл аймагынын №7136 участогу Жакишев көчөсүндөгү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан  Тайкашкаев көчөсү 27 дарегиндеги О.Болоболаев атындагы мектептин имаратына;

4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл аймагындагы № 3100 участогу Ленин көчөсүндөгү клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек орто мектебинин имаратына;

5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 шайлоо участогу Өмүралы көчөсүндөгү клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев атындагы орто мектебинин имаратына;

6. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл аймагынын №3106 участогу Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов атындагы орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү клубдун имаратына;

7. Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айыл аймагынын №3104 участогу Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Туманов атындагы орто мектептин имаратына;

8. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын №3128 участогу Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков атындагы орто мектептин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына которулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: