Menu

Нур-Султанда сот «Назарбаевдин күчүктөрү» деген сөз үчүн активистке 520 доллар айып пул салды

Бөлүшүү:

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда сот жергиликтүү активист Ербол Есхожинди «бийлик өкүлүнө акаарат келтирүүгө» күнөөлүү деп таап, 80 айлык эсептик көрсөткүч же 520 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Бул тууралуу активисттин адвокаты Ольга Эннс билдирди.

Адвокаттын айтымында, судья иликтөөнүн максималдуу мөөнөтү өтүп кеткенине карабай өкүм чыгарды. Ал апелляциялык инстанцияга арызданууга ниеттенүүдө.

Бул иш боюнча териштирүү 24-августта башталган жана беш жолу сот отуруму болгон. Активистке байланыштуу дагы бир иш 17-сентябрда Есил райондук сотунда каралат. Адвокат буга чейин эки ишти бириктирүүнү сураган, бирок судья кеп кылмыш аракети жөнүндө болуп жатканын айтып, баш тарткан.

Есхожинге жыл башында саясий туткундарды бошотуу талабы менен өткөн акциялар учурунда полициянын дарегине сын айтканы үчүн кылмыш иши козголгон.

Бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан полициячылар Абылайхан Саулембеков менен Арман Тускеев көрсөтмөлөрүндө активист “Мына, күчүктөр келди, Назарбаевдин күчүктөрү келди”, деп айтканын билдиришип, бул сөз алардын намысына тийгенин белгилешкен.

43 жаштагы Ербол Есхожин былтыртан бери мыйзамсыз митингдерге катышуу айыбы менен алты жолу кармалган. Жалпысынан ал 85 күн камакта болгон. Активист ага тагылган айыптарда саясий боек бар экенин билдирип келет.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: