Menu

Кара-Сууда бажы кызматкерине белгисиз 3 адам кол салышкан, алардын бирөө кармалды

Бөлүшүү:

Кара-Суу районунун бажы кызматынын кызматкери аялы үчүн коңшу Октябрь айылына Савай айылынан келген, ага бейтааныш балдар кол салышкан. Бул тууралуу  Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 10-сентябрь күнү бажы кызматынын 1980-жылы туулган кызматкери Нурбек Б., арыз менен милицияга кайрылган.

Анын айтымында, ал аялы иштеген бала бакчага келгенде, аны сабаган үч чала тааныш жигитке чара көрүүнү суранган.

Милиция бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча катталып, кол салгандардын бири кармалып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бир айлык мөөнөткө СИЗОго киргизилгенин баса белгиледи. Калган эки кол салганга издөө жарыяланган.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды, тергөө иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: