Menu

Өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетин сутка ичинде 2 дарыгер жуктуруп алды, каза болгондор катталган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-сентябрга карата өлкөдө сутка ичинде коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинен каза болгондордун жалпы саны бүгүнкү күндө 1063гө жетти.

Ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата сутка ичинде 2 дарыгер бул илдетти жуктуруп алды. Алар Баткен облусунан болушат.

Республика боюнча коронавирус илдетин 3174 медкызматкер жуктуруп алды, алардын ичинен 2 710у айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 44999 адамга жетти. Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 80 бейтап ооруканадан чыгарылды. Жалпы пандемия башталгандан бери 41 миң 103 бейтап бул илдеттен айыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: