Кечээ, 14-сентябрда Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналардын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, алынып келинген 119,6 миң доза вакцина Россиядан өндүрүлгөн.
“Вакциналарды аймактар боюнча бөлүштүрөбүз. Жакында биз тобокелдик тобуна кирген адамдарды: 65 жаштан ашкан карылар, балдар, кош бойлуу аялдар, медициналык кызматкерлер жана башкаларды эмдөөдөн өткөрүп баштайбыз” – деди министр.
Министр ошондой эле көптөгөн мекемелерде эмдөө пунктары ачылганын, эмдөөдөн өтүүнү каалагандар кайрылса болорун кошумчалады.
“Жакынкы арада эмдөөгө уруксат берилген мекемелердин даректерин жана телефон номурларын жарыялайбыз” – деди министр.
Ошондой эле, республикалык бюджеттин эсебинен 700 миң дозаны сатып алууга тендер жарыяланган. 21-сентябрда тендердик документтер ачылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ