АКШнын Питтсбург университетинин окумуштуулары эң аз дозада да коронавирусту толугу менен нейтралдаштыра турган белок табышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Сөз COVID-19га каршы Ab8 дарысын түзүү үчүн колдонулган толук узундуктагы антителого караганда он эсе аз белок кошулмасы тууралуу болуп жатат.
Бул дары коронавирустун S-белогу менен байланыша алган 100 миллиард потенциалдуу молекулалардын ыкчам анализинин натыйжасында табылган. Патоген организмге ушул зат аркылуу өтө алат. Иммуноглобулин менен белок бириккенден кийин Ab8 дарысы пайда болот.
Адистер белгилегендей, бул дары чычкандарда жана хомяктарда коронавирустун алдын алууда жана дарылоодо жогорку натыйжалуулугун көрсөткөн.
Илимпоздор табылган зат ткандарда чачырап кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, бул вирусту нейтралдаштырууга жакшы таасир берет деген бүтүмгө келишти.
Бул учурда, молекулалар адамдын клеткаларына туташпайт, ошондуктан терс таасирлерин азайтууга болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ