Menu

Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги Дыйкан – Кара-Кече унаа жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги таш түшүп, жабылып калган Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды.

Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң м3 таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн.

Жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюулуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: