Menu

Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттөр аралык делегацияларынын жумушчу топтору жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси – Премьер-министрдин орун басары Мехриддин Хайриддиновдун ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жолугушууларды өткөрүштү.

Эскерте кетүүчү жагдай, ушул жылдын 24-27-августунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кыргыз делегациясынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: