“Шайлоодо добуштарды сатып алууга аракет кылуу аракети кылмыш экенин эскертемин” – деп билдирди бүгүн, 15-сенттябрда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн брифингде.
“Паспортуңуздарды эч кимге бербегиле. Добуш берүү – купуя, жашыруун процесс. Маалыматтарды маалымат базасына алдын ала киргизүүгө эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок” – деп билдирди премьер-министр.
Анын айтымында, электрондук урналар 4-октябрда шайлоо күнү гана иштейт, ошондо гана добуштар эсептелет.
“Шайлоо күнү гана шайлоочу каалаган партиясына добуш берүүгө укуктуу, ошондой ким кимге добуш бергенин эч ким биле албайт. Ошондуктан жүрөгүңүздөр менен тандоо жасаңыздар. Шайлоонун алдындагы жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга катышпоону, добуштарды сатып алуу аракеттерине катышпооңуздарды суранабыз”, – деп премьер-министр жарандарга кайрылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ