Menu

Кой-Таш окуясы: Фархат Баабиевдин адвокаты судья Марат Сыдыковду жоопко тартууну талап кылууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-сентябрда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Фархат Баабиевдин адвокаты Бакытбек Шамбетов сот отурумуна төрагалык кылган Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун үстүнөн Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына даттанды. Бул тууралуу дагы бир айыпталуучу Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындгы баракчасы аркылуу билдири.

Адвокат Бакытбек Шамбетов судья Марат Сыдыков Кылмыш-процессуалдык кодексин бузуп, айыпталуучунун (Фархат Баабиев) УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерине суроо берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратканын айтат. Адвокат судья негизсиз жана бир тараптуу чечим чыгаргандыгын белгилеп, Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынан Марат Сыдыковду жоопко тартууну жана процесстен четтетүүнү суранат.

Белгилей кетсек, бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча сотто айыпталуучулардын бардыгы сот залынан чыгарылган.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=363702461662522&set=a.103683624331075&type=3&eid=ARAYjfgBF-AacH_RjQMrJU6GCL1EzKAPvQKxGwJEe1IwSt9sT1q10X_RCeGTHGrfwyjf7uLIoPkr7XV2&size=1134%2C2015&source=13&player_origin=profile

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: