Menu

Чүйдө шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча иш козголду

Бөлүшүү:

Чүй облусунун прокуратурасы шайлоочуларга акча сунуштап, добушун сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге прокуратурадан тастыкташты.

Такталгандай, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу он факт жана беш кылмыш катталган.

Мыйзам бузуулар Чүй облусунун Новопокровка айылынын жанындагы шайлоо участкаларында катталган, анда адамдардын массалык түрдө транспорт менен ташылып келинип жатканы айтылган. Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “добуш сатып алуу” беренеси менен катталды.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анда 16 саясий партия ат салышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: