Menu

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия быйыл 16 жаңы китеп басып чыгарды

Бөлүшүү:

Дүйнөдө мыкты китептер көп, бирок алар окуй билгендер үчүн гана мыкты.” 

 Д. И. Писарев

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жыл сайын 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду жана андан сырткары сөздүктөрдү, усулдук колдонмолорду жарыкка чыгарып келет. Улуттук программанын негизинде “Азыркы адабият” сериясынын алкагында кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектери, “Дүйнө” сериясында кыргыз адабиятынын башка тилдерге котормосу жарык көрөт, “Дүйнөлүк адабият” сериясы дүйнөлүк классиктердин чыгармалары менен кыргыз тилинде таанышууга шарт түзсө, жаш калемгерлердин чыгармалары “Дүбүрт” сериясынын алкагында жыйнак болуп басылып чыгып жатат.

Алдыда 2019-жылы өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен басылып чыккан 16 китеп окурмандардын колуна тийгени турат. Мисалга алсак, азыркы кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү болгон Сүйөркул Тургумбаевдин “Акындарга аздек сөз” аттуу адабий ой-пикирлер, эскерүүлөр топтому, Жакыпбек Абдылдаевдин “Ачуу дары” аталышында сатира, пародиялары, Кармышак Ташбаевдин “Тандалмалар”, Абдыжапар Эгембердиевдин “Терең дайра тынч агат”, Атантай Акбаровдун “Жүрөгүм сынды, таңа албайм” аттуу ырлар жыйнагы “Азыркы адабият” сериясы жана алардын жолун жолдоп, ордун басар жаш калемгерлердин алгачкы жыйнактары “Дүбүрт” сериясы менен чыкты.

Ошондой эле, “Дүйнөлүк адабият” сериясында өзбек элинин белгилүү жазуучуларынын аңгемелери А.Муратовдун котормосунда “Ак булут, аппак булут” аталышында, Саха жазма адабиятынын негиздөөчүсү, тилчи, адабиятчы П.Ойунскийдин уламыш, аңгемелери А.Темированын котормосунда “Улуу Кудангса” деген аталыш менен, боордош түрк азербайжан, гагауз, татар, казак, балкар элдеринин жазуучу-акындарынын ар кыл темадагы чыгармалары А.Сармамбетовдун котормосунда “Каражорго, Акбозат” аталышында, биздин замандын Кожо Насирдини аталган түрк жазуучу-сатириги Азиз Несиндин кызыктуу аңгемелери А.Молдокановдун котормосунда “Айтендин күйөөсү” аталышында, Кытайдын Алты династия, Тан жана Сун доорундагы поэзиясынын дүйнөлүк адабий казынадан татыктуу орун ээлеген ырлары К.Басылбековдун котормосунда “Улуу Кытай поэзиясы” аталышында жарык көрдү.

“Дүйнө” сериясы менен Алыкул Осмоновдун ырлары кыргыз, орус, англис тилдеринде кайрадан түзүлүп “Ысык-Көл толкуну” аталышында, Э.Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастаны А.Токтоматованын котормосунда англис тилинде жана кыргыз эл жомоктору жаш котормочу А.Хонкелдиевдин котормосунда өзбек тилинде окурмандарга тартууланмакчы.

Аталган китептердин расмий бет ачары бүгүн Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде өткөрүлдү.

Буга чейин Т.Муканов, С.Акматбекова, М.Гапаров, М.Абакиров, С.Раев өңдөнгөн белгилүү акын-жазуучулардын китептери, У.Нусубалиев, У.Дөөлөтов, К.Орозбеков ж.б. жаш калемгерлердин алгачкы жыйнактары, Габриэль Гарсиа Маркес, Янн Мартел, Мигель де Сервантес Сааведра сыяктуу дүйнөгө атагы тараган жазуучулардын котормолору кыргыз тилинде, ал эми “Кыз Сайкал”, “Манас” эпостору англис тилинде, ж.б. көптөгөн китептер басылып чыгып, окурмандарга тартууланган. Мындан сырткары К.К.Юдахиндин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүктөрү, Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү, К.Карасаевдин “Орфографиялык сөздүгү” ж.б. сөздүктөр менен колдонуучулар камсыз болууда.

Жарык көргөн китептер тиешелүүлүгүнө жараша республика боюнча китепканаларга, билим берүү мекемелерине ж.б. мекеме-уюмдарга акысыз таратылат. Ошондой эле, mamtil.kg сайтынан PDF түрүндө көчүрүп алууга дагы болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: