Menu

Кыргызстанда дагы 91 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, ал эми илдеттен каза болгондор катталган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 91 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 7, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 11, Ош облусунан – 15, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 15, Баткен облусунан – 20 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 45 244кө жетти. 

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 98 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 41 415ке жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 39 адам; Чүй облусунан – 4 адам, Ош облусунан – 10, Ош шаарынан – 1, Баткен облусунан – 18 адам, Жалал-Абад облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 19, Нарын облусунан – 3.

Өткөн сутка ичинде илдеттен каза болгондор катталган жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: