Menu

Бишкек шаарынын мэриясы сасык тумоого каршы вакцинаны кимдер акысыз аларын айтты

Бөлүшүү:

Бишкек мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Россияда чыгарылган “Гриппол плюс” сасык тумоого каршы вакцинасын алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, сасык тумоого каршы эмдөө төмөнкү категориялардын арасында акысыз жүргүзүлөт: жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез жардам бөлүмдөрүндө, реанимация бөлүмдөрүнда жана төрөт үйлөрүндө иштеген медициналык кызматкерлер, ҮМБ дарыгерлери, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын, карылар жана майыптар үйлөрүнүн балдары жана кызматкерлери, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор, семирүү, кант диабети, өнөкөт оорулары бар жарандар, көп ооруп жаткан балдар, кош бойлуу аялдар жана 65 жаштан ашкан адамдар.

Ошондой эле, эмдөө медициналык борборлордо: “Малыш”, “Гиппократ”, “Эдельвейс”, “Элкрит”, “Кроха”, “Поликлиника 312”, Профессор Асымбекованын клиникасы, ЦАДМИР, “Интермедикал” жүргүзүлөт. Анда эмдөөгө акча төлөнөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: