Menu

Мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 508,2 миң адамга жетти

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-сентябрына  карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 508,2 миң адамды түздү. Бул тууралу КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 322,2 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,2 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 92,2 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3082 сомду түздү.                        

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 5066,9 млн.сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө – 2304,6 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 2389,8 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 372,5 млн.сом каржыланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: