Menu

Эртең шайлоочулар үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруунун акыркы күнү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн негизги шарты биометрикалык каттоодон милдеттүү түрдө өтүү болуп саналат. Бул тууралуу Мамлекеттикк каттоо кызматынын басма сөз кызматы эскертет.

Калкка биометрикалык каттоону тапшыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, республика боюнча калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы узартылган.

14-сентябрдан 19-сентябрга чейин калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат. Калган кызматтар мурунку иш графиги боюнча – 9:00дөн 18:00гө чейин көрсөтүлөт.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн калкты тейлөө борборлорунун даректери:

Бишкек шаары:  Бишкек ш., Нуркамал к. 29., Чолпон-Ата к., 2б,  Жаш Гвардия 4, Ауэзов к. 1/5, “Фрунзе” Садырбаев көчөсү 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет), Т.Молдо 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

Чүй облусу: Шопоков ш., Машиностроительная к. 1

Ысык-Көл облусу: Каракол ш. Гебзе к. 124

Нарын облусу: Нарын ш. Токтосунов к. 24.

Талас облусу: Талас ш. Дзержинский к. 28,

Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад ш. Барпы Сейил 220, Базар-Коргон ш. Курбанов к. 1

Ош облусу:  Ош ш. Ленин к 318,  Ош ш. Раззаков к. 2, Өзгөн р. Ленин к. 115

Баткен облусу: Баткен ш. Мурат Салихов к 41, Кызыл-Кыя ш. Маяковский к. 3.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: