Menu

Шайлоо-2020: “Кыргызстан” партиясы БШКдан жазуу жүзүндө эскертүү алды

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер жана учурдагы спикер Дастан Жумабеков тарабынан үгүт эрежелерин бузгандыгы жөнүндө чечим кабыл алды. Мындай чечим кечээ, 18-сентябрда кабыл алынды.

Буга чейин жумушчу топ Жумабековду депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу үчүн добуш беришкен, бирок талап кылынган 8 добушка жетпей,  сунуш өтпөй калган. Башка сунуштар дагы өткөн жок. Бирок мыйзам бузуу боюнча чечим кабыл алынышы керек болгондуктан, “Кыргызстан” партиясына үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берүү маселесин добушка коюу сунушталып, бул сунушту БШКнын 10 мүчөсү колдоду.

Ошентип, “Кыргызстан” партиясы БШКдан жазуу жүзүндө эскертүү алды.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда социалдык түйүндөргө “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн. Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.

Төраганын басма сөз катчысы окуя түшүндүрмө берип, “Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин ымыркайына спикерди атын койгон экен, төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берген” – деп билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: