Анын айтымында, бул ички миграциянын көбөйүшүнө байланыштуу. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо жана 2015-жылы парламенттик шайлоодо №2 формасы аз сандагы тургундар тарабынан толтурулган.
“2107-жылы 59 миң жаран №2 формасы менен катталган. Бул көрсөткүчтүн жарымы ушул парламенттик шайлоодо катталды. Ошондуктан, бул көп деп эсептелет. Шайлоо участкаларында катталган шайлоочулардын саны 2500 шайлоочу менен чектелиши керек. Добуш берүү күнү бул көрсөткүчтөн ашып кетсе, бардыгын аныктоодо көйгөйлөр жаралат” – дейт Бакиров.
26-июнда Ош шаарында 143 миң 764 шайлоочу катталса, 4-сентябрда 151 миң 969 адам контролдук тизмеде көрсөтүлгөн. 26-июнда Ош облусунун аймагында 702 миң 35 шайлоочу катталса, 4-сентябрда 694 миң 716 адам катталган.
Шаарда 86 шайлоо участкасы бар, анын ичинен 76сы – негизги, ал эми 10 шайлоо участкасы кошумча ачылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ