Menu

Россияда өндүрүлгөн коронавируска каршы “Арепливир” дарысынын бир таңгагынын баасы 12 320 рублдан башталат

Бөлүшүү:

Россияда өндүрүлгөн коронавируска каршы “Арепливир” дарысынын 1 таңгагынын баасы 12 320 рублдан башталат. Бул тууралуу 18-сентябрда ТАСС агенттигине “Промомед” өндүрүш компаниясынын башкы директору Андрей Младенцев билдирген.

Аталган дарыны амбулатордук шартта колдонууга уруксат берилди.

“Сунушталган чекене баасы – 12 320 рубль. Бир таңгакта 200 мгдан 40 таблетка болот” – деди Младенцев.

Буга чейин компания Арепливир дарысы дарыканаларда 21-сентябрда пайда болушу мүмкүн экендигин билдирген.

“Албетте, дары бардык жерде бир заматта пайда болбойт. Дары-дармектерди бир ай ичинде өлкөнүн бардык дарыканаларына жеткире алган жокпуз, анткени биз кечээ эле туруктуу каттоодон өткөндүгүбүздү тастыктаган документти алганбыз жана өндүрүмдүн параметрлерин таңгактарга басып чыгарышыбыз керек. Албетте, эртең дары Хабаровскиге келбейт, бирок биз анын жакынкы аралыкта ошол жерде пайда болушуна кызыкдарбыз” – деди Младенцев.

“Арепливирдин жүгүртүлүшүндө дарыгердин сунуштарынан башка эч кандай чектөө болбойт, анткени ал рецепт боюнча берилет. Коронавирустук инфекцинын белгилери пайда болгондон кийин алгачкы 24 саатта дарыны колдонуу сунушталат, клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжасында эч кандай татаалдашуу аныктала элек” – деп кошумчалады “Промомед” өндүрүш компаниясынын башкы директору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: