Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо абал курчуп кеткен учурда ыкчам жана тез жөнгө салууга жардам берет жана кандайдыр бир катачылыктардын алдын алат

Бөлүшүү:

Эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо абал курчуп кеткен учурда ыкчам жана тез жөнгө салууга жардам берет жана кандайдыр бир катачылыктардын алдын алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумунда билдирди.

«Мен күн сайын өлкөнүн учурдагы санитардык-эпидемиологиялык абалы жөнүндө отчетту жөн жерден сурап жатканым жок.   Бул бүгүнкү күндүн чыныгы абалын көрүүгө жана бизди эмне күтүп тургандыгын алдын ала  билүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдөгү жагдайга мониторинг жүргүзүп туруу зарыл. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн башка мамлекеттер кандай аракеттерди көрүп жатканын, негизинен кайсыл оорулар COVID-19 менен байланыштуу экендигин билүү маанилүү. Кандай гана маалымат, тажрыйба болбосун, мекендештердин өмүрүн сактап калууга жардам берет», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын  ишинин ырааттуулугунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Күчүбүздү жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү баалоо үчүн чындыкка түз карашыбыз керек. Эгерде жер-жерлерде кандайдыр бир маселелер болсо, аларды ачык жана өз учурунда айтып туруу зарыл. Облус жетекчилери аймактардагы абал боюнча күнүгө отчёт берип турууга тийиш. Бул адистердин жасай турган аракеттерди так аныктоосуна жардам берет. Азыр өлкөдө кырдаал салыштырмалуу жакшы, бирок вирус чегинди дегенге негиз жок. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кайрадан жарандардын коронавирус инфекциясын жугузган учурлары катталууда жана Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдөгү кырдаал начарлап бараткандыгы жөнүндө билдирүү жасады», – деди Премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: