Ош шаарынын борбордук аянтында кечээ, 20-сентябрда унааларын чимирилте айдап, өнөрлөрүн көрсөтүп, андан соң качып кеткен эки айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки айдоочу кармалып, автоунаалары айып короосуна киргизилген. Ал эми үчүнчү адам изделүүдө.
“Учурда Бузуулар жөнүндөгү кодекстин “Автоээнбаштык” беренеси менен иликтөө иштери башталды. Айдоочулар 1998-жылы туулгандар. Аларга 7800 сомдон акчалай жазана салынды”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ