Menu

“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов кызын турмушка узатты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Шератон” мейманканасынын ресторанында “кыз узатуу” иш-чарасын өткөрдү. “Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов тун кызы Айперини турмуш жолуна узатты.

Бабановдун туугандарынын айтымында, күйөө баланын аты Санжар. Жубайлар Улуу Британияда окуп жүргөндө бири-бирин Лондондо табышкан. Алгач тойду жазында өткөрүү пландалган, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу, кийинкиге жылдырылган.

Салтанаттуу иш-чара тар чөйрөдө жакын адамдардын жана туугандардын катышуусунда өттү. Салтанатка айрым саясатчылар жана коомдук ишмерлер катышты. Ал эми майрамга катышкандарга сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: